www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө кырдаал оорлоп, коронавирус менен пневмониядан каза болгондор күндөн-күнгө көбөйүүдө. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы коронавирустан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, пневмониядан каза болгон экс-спикер, коомдук жана саясий ишмер Чыныбай Акунович Турсунбековду эскерди. 

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы ушул күндөрү элибизди жапа кайгыга алып келген апаатты кайгы-капа менен кабыл алат! 
COVID-19 вирусунан курман болгондордун туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.

Алардын катарында Жогорку Кеңештин экс-спикери, коомдук жана саясий ишмер Чыныбай Акунович Турсунбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу болду. Чыныбай Акунович эгемендүү Кыргызстанда парламенттик демократияны орнотууга чоң салым кошкон адамдардын катарында болчу. Чыныбай Акуновичтин жаркын элеси ар бирибиздин эсибизде түбөлүккө калат.

Партиянын лидери Мирлан Бакиров жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлөрү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости