www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук борборундагы айрым жабдыктардын убактылуу иштен чыкканына карабай электр энергиясына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.

- Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦи 217 МВт кубаттуулукта иштеп жатат. Анын ичинде 145 МВты жаңы ишке киргизилген агрегаттар болуп саналат. Эскиси 50-60 МВттын тегерегинде болууда. Суу жетишпей калгандыктын, үч-төрт буу казан катар-катары менен иштен чыкканы байкалды.Ошол себептен улам, кубаттуулук 20 МВтка чейин түшүп кеткен. Жаңы Жылуулук борборунун артыкчылыгы – автономдуу түрдө иштегендиги. Өзүнчө эки блок бөлүнүп тургандыктан ал өзүнүн кубаттуулугун толук сактап калганга мүмкүн болду.  Бишкекте электр энергиясына чектөө киргизбей, толук камсыз кылып жатабыз.

26-январда ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү айрым жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам, үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.

Ушул күндөрү Бишкек шаарынын тургундары атайын жылыткычтарын сайып, үйлөрүн жылытып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости