www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик алмашып, арадан 25 жыл өтсө дагы алакандай Кыргызстанды  жарытылуу өнүктүрө албай келебиз. Эске сала кетсек, өлкөбүз 25 жыл аралыгында башка коңшу мамлекеттерден 1 кв.метр жерди кайтара алган эмес. Тескерисинче бизден миңдеген гектар жерлерибизди ижарага алышып кайтарып бербей койгонун баарыбыз жакшы билебиз. Эми мисал келтирели...

1. Каркыра – казактардыкы;
2. Үзөңгү-Кууш  - кытайлардыкы;
3. Ворух, Сох, Шахимардан булар Өзбек жана Тажик бийликтери тарабынан алынган, азыр бизде жок.
4. Токмок шаарынан 800 метр жер, 8 жыл мурун казактарга өтүп кеткен экен, бул жердинда азыркыга чейин аты жыты жок.

Мамлекеттик кен байлыктардын саны - 1070 болсо, анын ичинен - 126сы алтын кен байлыктары болуп эсептелинет. Тилеке каршы 25 жыл аралыгында лицензияларды ар кандай ыкмалар менен чиновниктер болгону 300 сомдон сатып жеп келишкен. Тактап айтканда Кыргызстандагы  90% кен байлыктарды Кытайларга, 10% башка мамлекеттерге сатып жиберишкен.

Кен байлыктардан кийинки эле мамлекеттин казынасына көп киреше алып келген 5 уюлдук компаниябыз бар, азыр алар биздики эмес.
1. Беллайн – Россияныкы;
2. О! – казактардыкы;
3. Кател – АКШныкы;
4. Фонекс – кытайлардыкы;
5.Мегаком - еврейлердики болуп келген...

Бишкек шаарындагы соода борборлорубуз бар бирок, биздики эмес...!
1. Бета Сторес – түрктөрдүкү;
2. Вефа Центр – түрктөрдүк;
3. Бишкек парк - түрктөрдүкү;
4. “Народный” магазинин түбү казактардыкы деп угуп калам...
Түркияны 7 жылда өкүктүргөн бир акылман айткан экен, “көп уктаган эл, ойгонгондо кул болуп ойгонот”, деп. Ошол сөзүндө чындык бар окшойт туугандар.

Нефти тармактарында бизге тиешелүү үлүшүбүз жок экен..!
1. Газпром – орустардыкы;
2. Шнос – казактардыкы;
3. БНК – орустардыкы;
4. Бишкек петролеум – орустардыкы;
5. Роснефт – орустардыкы;

Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген бир дагы банк жок экен. Баары чет жактын кызыкчылыгы үчүн иштеп карапайым элдин канын соргон банктар!
1. Демир банк – түрктөрдүкү;
2. Оптима банк – казактардыкы;
3. Халык банк – казактардыкы;
4. Росинбанк – орустардыкы;
5. Росинвест банк – орустардыкы;

Мына туугандар! Кыргызстанга “камоктор” менен калдыктардан башка эч нерсе калбаптыр... Же бизге ушулар аздык кылып жатабы? Биз ушундай оор кырдалда ынтымака биригип баарыбыз, 4 миллиардка жеткен карызыбызды жана өлкөнүн келечегин ойлонушубуз керек. Анткени карызыбыз ар бир киши башына 1000$ жетти. Эгерде ушундай жол менен кете берсек Кыргызстандын тагдырын башка бирөөлөр чечип калышы мүмкүн.

Көкүрөк кагып “заводдорубуз бар” деп мактанабыз, мамлекетке иштеп элге кызмат кылган заводдор.
1. Кант цемент заводу – казактардыкы;
2. Кызыл-Кыя цемент заводу – кытайлардыкы;
3. Майлуу-Суудагы завод - кытайлардыкы;
4.Токмоктогу айнек завод – немецтердики;
5. Хайдаркендеги завод – казактардыкы;
6. Кадамжайдагы сурма заводу – казактардыкы;
7. Кара-Балтадагы нефтини кайра иштеп чыгаруу заводу - кытайлардыкы.

Ушунча байлыкты таркатып, үнүбүздү чыгарбай олтура берели. Оозубузду бекемдеп “скочтоп” алалы да, добушубузду сатып дагы алты жыл чет өлкөдө жана Россияда темселеп жүрөлү. Кыргызстандыктар уктагыла “баю-баю-баю”, турбагыла.

Баю-бай, должны все люди ночью спать.
Баю-баю, завтра будет день опять.
За день мы устали очень,
Скажем всем: "Спокойной ночи!"
Глазки закрывай,
Баю-бай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости