www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда санарип экономика жаңы гана башталып жатат. Бул тууралуу байланыш операторлор бирикмесинин жетекчиси Айбек Күрөңкеев билдирди.

Анын айтымында, келечекте  ар бир кыргызстандык үчүн электрондук кызматтар накталай эмес төлөм жүргүзүү, аралыктан жеткирүү кызматы аркылуу товар алуу жеткиликтүү болушу керек. Ишкерлер болсо, электрондук аянтчаларды колдонуу менен продукциясын алысыраак аймактарга экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат.

--"Бул багытта Кыргызстанда акыркы убактарда абдан жакшы иштер болуп жатат. Июндун башында Wildberries кыргыз ишкерлери үчүн каттоону ачты. Буга чейин Орусиядан ИП (жеке ишкерлик) же ЖЧК ачып, катталып гана иштесе болот болчу. Эми ишкерлер Кыргызстанда туруп эле катталып, иштей алат. "Амазондо" кыргыз ишкерлери үчүн каттоо июндун ортосунда ачылды. Ал жакта да мүмкүнчүлүк чоң", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости