www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Организминде тестостерондун деңгээли төмөн болгон эркек киши COVID-19ду оор кабыл алат, көп учурда аягы өлүм менен бүтөт. Бул тууралуу маалыматты италиялык окумуштуулардын билдирүүсүнө таянып, "Известия" жазды.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, ал киши жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, ооруканада көп жатары анык болду.
"Биз ден соолугу чың эркектерге салыштырмалуу тестостерондун деңгээли өтө төмөн, коронавирус жугузган бейтаптар көп болот деп күткөн эмеспиз. Бул эмнеге байланыштуу экени белгилүү: тестостерондун деңгээли канчалык төмөн болсо, анын абалы ошончолук оорлоп, өлүм кооптуулугу жогорулайт. Мен 25 жылдык иш тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин", — деген Сан-Раффаэл ооруканасынын урология жана эндокринология боюнча адиси, профессор Андреа Солония.
Илимпоздор COVID-19 жуктуруп тез жардам менен барган 286 эркек бейтап менен 2020-жылдын февраль-май айларында кан тапшырган ден соолугу чың 305 ыктыярчыны салыштыргандан соң ушундай тыянакка келишти.
Булак: NazarNews.kg