www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Осмонов: «Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!»

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жергиликтүү кеңештерин шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.

«Урматтуу мекендештер! Ош шаарында өткөн шайлоодогу жакшы жыйынтыгыбызды БШК жокко чыгарды.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле «Биздин Кыргызстан» партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем. Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы!

Бул эмне деген шумдук?! Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес! Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин: Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!», - деди Осмонов.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-июлда өткөн.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов шайлоо таза жана калыс өтөт деген оюн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости