www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч жээни дарыгерлерди, аткаминерлерди жана саламаттык сактоо министрин катуу сабаганы тууралуу “Озоди” радиосу билдирди. Басылма Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтериндеги эки башка ишеничтүү булактарына таянган.

"Озодинин” маалыматы боюнча окуя 20-июль күнү кечинде президенттин бир тууган эжеси Курбонби Рахмонова кайтыш болгон учурда болгон.

Ур-токмоктон саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана президенттик аппаратынын медициналык борборунун башчысы Холмахмад Рахимзода олуттуу жаракат алганы кабарланды. Бийлик министрдин жана башкы дарыгердин сабалышы боюнча расмий комментарий бере элек.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда 64 жаш курагында президенттик аппаратынын медициналык борборунда коронавируска каршы дарылоо учурунда көз жумган.

Маалымат булактарынын айтымында, тажик президентинин карындашын дарылоо үчүн Германиядан, Орусиядан жана Өзбекстандан тажрыйбалуу адис-дарыгерлер чакыртылган.

Чет элдик адистер бейтапты тажик дарыгерлери туура эмес дарылаганын белгилешкен. Мындай тыянак президенттин жээндеринин ачуусун келтирип, алар апасы кайтыш болгон күнү кечинде аны караган дарыгерлерди, анда турган медик-аткаминерлерди жана министрди кошуп сабашкан.

Рахмондун жээндери - Фахриддин, Фаррух жана Зиёдали Сафаровдорду тынчтандырууга президенттин тун уулу Рустам Эмомалини алып келишкен.

Булактардын маалыматы боюнча сабалгандардын арасынан министр Жамолиддин Абдуллозода эң көп жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости