www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-июлда Тышкы иштер министрлигинде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси К.Өмүралиев 2019-2020-жылдары аткарган иштери тууралуу онлайн режимде отчет берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн иш-чарага КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулу Лира Сыдыкова да катышты.

Депутаттар Шайлообек Атазов, Абдывахаб Нурбаев, Каныбек Иманалиев, Мейкинбек Абдалиев, Карамат Орозова эмгек мигранттарына, бюджеттин эсебинен окуп жатышкан студенттерге кандай жардам берилип жатканына, эмгек мигранттары Кыргызстанга кайра келгенде аларга пенсиялык камсыздоо кандай кепилденгенине кызыгышты.

Ошондой эле эмгек мигранттарына, инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурууну сунушташты.

Андан соң Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин көчмө жыйыны офлайн режимде уланды.

Депутаттар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кемелова Динара Амантуровнаны Кыргыз Республикасынын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы элчиси кызматынадагыбекитишти. Кемелова эки кызматты айкалыштырып иштейт. Резиденциясы Сеул шаарында жайгашат.

Андан тышкары «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору үчүнчү окуудан жактырылды.

Комитет ошондой эле «2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолунун Корумду–Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун, «2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду–Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун экинчи окуудан, «2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун, «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы, 2019-жылдын 13-сентябрындагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун биринчи окуудан карап, жактырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости