www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу маалыматты Эрлан Бекчороев билдирди.  

Оппозициялык «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: --«Бийлик жалган жалаа менен мени үч айдан ашык кармашты. Туура эмес иштерин айтканым үчүн эркиндигиминен ажыратты.Бүгүн мага дагы бир ишти токушту. Ал 9-октябрдагы окуя боюнча шектүү катары кине коюшууда. Сурак протоколуна, шектүү жөнүндө кабарламасына кол койгон жокмун. Бул бийликтин саясий чечимине макул эмесмин. Бүгүнтөн баштап ачкачылык жарыялайм. Чындык үчүн күрөштө акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат. Адилеттүү тергелишин талап кылам!» - деген.

Тактап айтсак, алгачкы козголгон кылмыш иши 2020-ж.5-6-октябрдагы окуялар боюнча (264-берене) болсо, бүгүн (26.07.2021 ж.) Ж.Молдокматовго тергөө тарабынан 2020-жылдын 9-октябрдагы окуялар боюнча КРдин Жазык кодексиндеги 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарламасы берилип, дагы бир кылмыш иши козголду. Ж.Молдокматов кол коюудан баш тартты.

Эске салсак, Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган" деген кине койгон.

8-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду СИЗО-1 мекемесине камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости