www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 

nazarnews.kg сайты "Ата Мекен" партиясынын белдүү мүчөсү, 7-апрель баатыры Айбек Султанкулов менен ат жалында маектешип, айрым кызыккан суроолорго жооп алдык.

-Айбек мырза, негизи саясый өңүттө камоого мыйзам жол бербейт. Бирок, Атамбаев мына ошондой нерселерди жасоодон бошогон жок. Же кыргыз президентине башка мамлекеттер кийлигишип, ошондой нерселерди жасоого мажбурладыбы?

 

-Атамбаев Кыргызстанда мамлекеттик- мафиялык режим орнотту. Ашанын мафиясы бүтүндөй мамлекеттик бийлик органдарын анын ичинде күч түзүмдөрүн, прокуратураны, сот бийлигин толугу менен көзөмөлдөп турду. Атамбаев түзгөн режимге коркунуч жараткан, режим менен күрөшкөн,чындыкты айткан саясатчыларды жасалма кылмыш иштерин козгоп камашты.Азыр абакта отурган 13 саясатчы жалган жалаа менен, мыйзамсыз, кылмыштуу жол менен соттолушту. Саясий буйрутма менен мыйзамсыз камалган саясатчылар, саясый чечим менен бошотулушу керек. Кылмыштуу жол менен мыйзамсыз камалгандарды акташ үчүн мыйзам жок экен дегендин өзү туура эмес.

 

Ал тургай саясий туткундардын маселеси боюнча Жогорку Кеңеш угуу өткөрүшү керек. Депутаттардан жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, комиссия саясий туткундардын ишин тыкыр изилдеп чыгышы керек. Изилдөөнүн жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар, фальсификациялар чыгат. Жыйынтыгында, жасалма кылмыш ишин козгогондор, жалган көрсөтмөлөрдү бергендер, туура эмес соттогондор жазага тартып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот саясий туткундарды акташы керек.

Саясый туткундарды актоо боюнча президентте дагы рычагдар бар. Ошон үчүн президент да бул маселени көңүл борборуна алышы абзел.

-Бирок, ошол саясый туткундарды бошотууга саясый эрки жетеби?

- Ушул мезгилге чейин президент саясый куугунтуктагылар жөнүндө сөз айта элек. Көрмөксөн,билмексен болуп турат. Актаганга президентте рычагдар бар. Бирок коомчулук, Жогорку Кеңеш актоону талап кылып, актоо процесси башталып кетсе , каршы чыкпайт болуш керек деген ойдомун.

 

-Эгер Текебаев акталса, анын мандатын жана лидерликти кайрып береби?

-Өмүрбек Чиркешович  толук акталса , мандатын алса болот.Текебаев партиянын лидерлигинен кеткен  эмес, ал фракция лидерлигинен гана кеткен.

 

- Сооронбай Шарипович парламентти оюнчук кылып. Мурунку президенттердей каалаган өзү чечимдерин кабыл алдырып койбойбу?

-Менин баамымда азыркы президенттин багыты ачык эмес. Өзү деле бир бүтүмгө келе элек окшойт. Парламентти оюнчук кылып албаса да, мурунку президенттердин жолуна түшүп кетүү ыктымалдуулугу жогору. Эл  унчукпаса, талап кылбаса, активдүү болбосо, бул деле өзүнүн билгенин кыла баштайт. Бул президент Пашинянга окшоп ыкчам, кардиналдуу реформаларга барышына  азырынча ишенбейм. Ал агым менен кетип, ошого  жараша иш кылат деп  ойлойм.

 

Последние новости