www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүүминистрлиги мектептерде тарых, кыргыз адабияты жана кыргыз тили сабактарын эки саатка кыскартууну демилгелөөдө. Кыргызды кыргыз кылып көрсөтүүчү, улуттунулуулугун сактоочуушул предметтер эмеспи. “Тилди чанган, улутту чанганга барабар”деп бекер”айтылган эмес да. Министрликтин бул демилгеси учурда коомчулуктун кыжырын келтирип турат. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага ушул иши үчүн көптөр нааразы.
Кыяс Молдокасымов, тарыхы:
Өткөн жылдан бери тарых, адабият сабактарына туура эмес мамиле боло баштады. Алгач ЖОЖдордогу “Кыргыз тарыхын” кыскартуу боюнча буйрук чыгып, териштире келсек, Жогорку Кеңештин депутаттары ушундай аткарып жатабыз деп чыгышты. Министр Гүлмира Каримовнанын кийлигишүүсү менен тарых сабагы кыскартылбай калган. Эми мектептер башталды. Эгер бул демилге ишке аша турган болсо, ал жерде улутка кыянат кылгандар отурган болот. Бул улутка эң чоң кыянат иш. Биз тээ эгемендик жылдардын алдында күрөшүп отуруп, “Кыргыз тарыхын” мыйзамдуу түрдө кеңири окутуута жетишкен элек. Ансыз да жаңы стандарт деп “Кыргыз тарыхынын” ашмалтайын чыгарганга аракеттер жүрүп жатты эле. Биз эки предметти кыскарткандын ордуна, тескерисинче кайра кеңейтишибиз керек. Мекенчилдикке, мамлекетчилдикке тарбиялай турган мектеп программасында “Кыргыз тарыхы” эсептелет. Андыктан кыргыз тарыхчылары мындай демилгени колдобойт жана ишке ашырбоо үчүн күрөшөт.
Булак: Фабула