www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз өнөрү менен кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, эски муундун ырларын азыркыга таанытуу максатында талбай эмгек кылып келе жатканы Айбек Касымов жакынкы аралыкта бере турчу концерти аркылуу айтып, биз менен ой бөлүштү.

--Cаламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айтып өтсөңүз?

--Өзүм 1976-жылдын 25-сентябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келгем. Орто окуу жайын Балыкчы шаарынан аяктап, 1993-жылы Б. Бейшеналиева атындагы көркөм-өнөр иниститутуна тапшырып, 1997-жылы аяктадым. Андан соң Балыкчыдагы маданият үйүндө 2009-жылга чейин эмгектенип калдым.

--Өнөр жолунда жүргөнүзңүзгө канча жылдын жүзү болду?

--Өнөр жолунда бала кезден бери десем болот.  Анткени эс тарткандан тарта комузда кол ойнотуп келем. Окуп баштаганда 3-4-классымда атам комузду үйрөткөн. Андан кийин музыкалык мектептеп үйрөнүп, бирок аягына чейин окуп бүтүргөн жокмун. Ал эми чыныгы өнөр жолунда жүргөнүм 97-жылдан тарта.

--Мындай таланттын ээси болгонуңузга ким себепчи?

--Мындай таланттын ээси болуп калганыма, биринчиден кудай берген талант, андан кийин ата-энем. Анткени атам комуз чертет, апам болсо ырдайт. Эң негизгиси чоң чоң атам куудул, өнөрдү аркалаган адам болгон экен. Менимче ошол адамдын өнөрлөрү мага калса керек депк алам.

--Маданият майданында жүргөндөрдүн көпчүлүгү ырчылыкты хобби катары көрүшөт, ал эми сиз үчүн ырчылык бул эмне?

--Мен ырчылыкты хобби катары көрбөйм, анткени мен бул өнөрдү бала кезимден бери эңсеп келген.  Өзүм атайын институтту бүтүп, кесип кылып аркаладым. Мен ал жакта Элдик ырларды ырдоо бөлүмүн аяктагам. Ошондуктан мен убакыт коротуп, күчүмдү жумшап, таптап жүргөн талантты мен хобби деп айтпат элем.

--Репертуарыңызда канча ыр бар?

--Буюрса репертуарда азыркы учурда 30 ашык арлар бар.

--Көбүнчөсүн эски ырларды ырдап жүрөсүз, жаштардын табитине жараша ырларды жаздырууга аракет кылып көрдүңүз беле?

--Жаштардын табитине ылайык ырларды жаздырайын деген буюрса ниетим бар. Азыр ойду бышырып жүргөн учурум, кудай буюрса жаздырылат.

--Жубайыныз да ырчы экенин билебиз, эки талант кайдан кантип таанышып калды?

--Жубайым менен Балыкчы шаарынын маданият үйүнөн таанышканбыз. Ал буга чейин эле комуз чертип жургөн экен. Ал дагы жогоруда аталган Бейшеналиева атындагы университетти аяктаган. Кудай буюрса учурда беш баланын ата-энесибиз.

--Шоу дүйнөсүнө кандай жаңылык киргизүүнү каалайсыз?

--Шоу дүйнөгө жаңылыкты ырчылар өз өнөрү, арлары менен гана жаңылык киргизе алат болушу керек менимче. Жаңы арларды жаздырып, өзгөчө клипттерди тарттырып, ал эми жубайым экөөбүз жаңы дуеттерди жаздырып элге тартуулайлы деген ниеттерибиз бар.

--Аткарып жаткан ырлардын эмнесине көңүл бурасыз жана ырлардын сөзүн, обонун кимдерге жаздырасыз?

--Эми мен обончуларым менен деле көп иштеше элекмин, анткени көбүнчө эски ырларды кайрадан иштеп чыгып ырдап келем. Анткени мурунку тактап айтканда, 60-70-80-жылдардагы ырлар көбүрөөк жагат. Мына ошол ырларды азыркы муунга жеткизгим келет. Бирок алдыда обончулар менен да иштешүү ниетим бар. Жакынкы күндөн бери Сулайман Рыспаев, Махабат Молдалиева, Жипара Исабаева өңдүү  агай-эжейлерибиз менен иштешүү ниеттерим бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости