www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сот бүгүн, 22-майда экс-депутат Аида Салянованын ишин карады. Судья Саляновага карата шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттук отурумдун жыйынтыгында маалым болду.
Маалыматка ылайык, Жогорку сот экс-депутат Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, анда Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Сот отурумуна 50дөй адам келди.
8-майдагы отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова жарыш сөзүн сүйлөгөн. Салянова күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирген.
Эске салсак, Саляновага Ленин райондук соту 2017-жылдын 10-октябрында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып таккан. Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Булак: Марал