www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көмүрдүн бир тоннасы 4800 сомго чыныптыр, аны биз жөнгө салабыз. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигинде болуп өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Кышка даярдык боюнча Айбек Жунушалиев: «Бул жылы биз күз-кыш мезгилинен өтүү максатында иш-чараларды эрте баштадык. Өткөн жылы 9-октябрда жылуулук берилген болсо, бул жылы 5-октябрда бердик. Себеби Гидрометтин маалыматы боюнча, бул жумада аба температурасы 8 градустан төмөн боло тургандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Мунун дагы бир себеби - электр энергияны үнөмдөө максатында. Бүгүнкү күндө бизде 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп, 1900 үй жылуулук энергиясына кошулду.

Ошондой эле, бир маселеге токтоло кетсек. Бүгүнкү күндө запаста 5 миң тонна көмүр бар. Азыр көмүрдүн тоннасы 4800 сомго чыгыптыр. Биз антимонопольный мекемелер менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Эгер көмүрдүн баасы эч бир негизсиз көтөрүлгөн болсо, анда биз аны өз баасына келтирүүгө аракет кылабыз. Андан сырткары, кышында кар көп жаай турган болсо 40 спецтехника даярдалып турат», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Максат Шекербекович - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, Мозгачева Виктория - Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, Азат Узаков - Бишкек шаарынын шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэри, Байгончоков Мирланбек Бишкек - шаарынын экономика жана финансы боюнча вице-мэри катышты.

<iframe width="660" height="371" src="https://www.youtube.com/embed/h5doHSgcWCc" title="YouTube video player" frameborder="0" allow="accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture" allowfullscreen></iframe>

Булак:NazarNews.kg

Последние новости