www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунда 28-29-30-апрелде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган окуялардын кесепетинен жабыркаган чектеш айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүү маселесине өзгөчө басым жасалды.

Россия тарап социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Николай Удовиченко белгилегендей, Баткен облусуна курулуучу социалдык объектилердин тизмеси Россия Федерациясынын тийиштүү органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Ал аталган маселе боюнча оң чечим кабыл алынарына ишенерин билдирди.

Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын кезектеги партиясын алып келүү жана аны Кыргызстанда өндүрүү маселесин дагы талкуулашты.

Андан тышкары Айбек Жунушалиев Россия Федерациясынын элчисин мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана ишинде ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Россия Федерациясынын өкмөтүнө ар тараптуу көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости