www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чоң жети” пандемия, климат жана Орусияны талкуулайт

Британдык Корнуолледеги Карбис-Бэй курорттук шаарында жума күнү “Чоң жетинин” саммитти башталды. Ага индустриалдык жана демократиялык жактан өнүккөн дүйнөдөгү жети мамлекеттин жетекчилери катышууда.

Бул саммит коронавирус пандемиясы башталгандан бери жана АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден кийинки “Чоң жетинин” лидерлеринин алгачкы көзмө-көз жолугушуусу.

“Чоң Жетиге” кирген АКШ, Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапониянын лидерлеринин бул кеңешмеси үч күнгө созулат. Австралия, Түштүк Корея, Индия, жана Түштүк Африка Республикасы саммитке конок катары чакырылды. Анын күн тартибиде көптөгөн суроолор, анын ичинде Орусия менен мамиле да коюлган.

Бирок саммиттин негизги темасы – пандемияга каршы күрөш жана андан кийин глобалдык экономиканы калыбына келтирүү жана климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу болмокчу.

Жакында эле Жо Байден дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө коронавируска каршы 500 миллион доза вакцинаны акысыз берүү тууралуу АКШнын демилгесин жарыялаган.

Европа сапарынын алкагында Байден “Чоң Жетинин”, НАТОнун саммиттерине катышып, европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости