www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда Кытайдын таасиринин күчөп жатканы АКШ менен Орусияга жакпайт. Мындай пикирди NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айболот Айдосов билдирди. 

Анын айтымында, Кытайдын Борбор Азияга башынан эле саясаты башкача. Анткени бул жерде Улуу Жибек Жолу өтүп турган. Мындан улам аларга бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин тынчтыгы керек болгон. Тополоң болсо, соода мамилеси токтоп калчу.

--"Бүгүнкү күндө да Кытай биздин аймакка ушундай көз караш менен карап жатат: "ушулар тынч эле болсо экен, экономикасы өссө экен, ошондо биздин да иштерибиз алдыга жылат эле" дегендей мамиле кылышат. Бирок Борбор Азияда Кытайдын таасиринин күчөп жатканы АКШ менен Орусияга жакпайт. Бул — саясий эрежелер. Алар Кытайдын бул демилгелерин токтотконго аракет кылышат.

Биз Кытай менен эбактан бери эле мамилебиз бар. Акаевдин, Бакиевдин убагында иштештик, Атамбаевдин убагында тыгыз иштешип, бир топ чоң долбоорлор башталган. Жээнбековдун тушунда мамиле кескин солгундап кетти. Бийлик алмашкандан кийин, Кытай бийликке ким келди, булар менен кантип иштешсе болот деп, бизди байкаштырып атат. Бизге карата жакшы ""жесттерди" жасап атат. Ошону туура колдонуп кетсек, Кыргызстанга көп пайда алып келет", - дейт саясат талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости