www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» иши боюнча Кеминде дагы 10-15 киши камалышы керек», - деди бүгүн, 11-июнда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, «Кумтөр» боюнча камалганддардын саны көбөйүп баратат. Камагандан прайда чыгабы же бул утурумдук эле жеңиш болуп калабы?

- Башында «Кумтөр» элге өтсүн, канадалыктар чыгып кетсин дегендердин баарын түрмөгө камашты. Убакыт өтүп, кырдаал өзгөрүп, биз түрмөдөн чыктык, эми элдин ырыскысын жегендер, уурдагандардын баары түрмөгө түшүшү керек. Чекесинен кармап, жоопкерчиликке тартыш керек.

«Кумтөр» боюнча камалгандардын саны арбыганы менен бул сан аздык кылат. Кеминде дагы 10-15 киши камалышы керек. Тагыраагы, Атамбаевди жандагандардын, анын партиясына кирип, маселе чечкен кызматты аркалагандардын көбү камалышы керек.

Анткени, Атамбаев жеп, жанындагылары жебей калышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн чекесинен камакка алынып жатат. Аларды актоонун, таламын талашуунун кажети жок. Колу менен кылыштыбы мойну менен тарта турган кылып, жоопкерчиликтен куткарбашыбыз керек.

- Бирок, мурунку президенттердин кыйбас адамдары камалаар замат эл уулуна айланып, саясий куугунтукка кабылды деп жатышат го?

- Жалган. Булар да ичишкен, жешкен, ал турсун мамлекетти тоношкон. Атамбаев жеп, булар жебей калышы мүмкүн эмес да. Булар элдин ырыскысына кол салышканы үчүн камалып отурушат.  Аларды актоонун кажети жок. Негизи Атамбаев кырсык. Эми аны ээрчиген, жандаган кишинин баары кырсыктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости