www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов Борбор Азия мусулмандар комитетинин төрагасы, Кувейттеги "Ихьяут-Турос" фондунун жетекчиси шейх Мухаммад Сухейл аль-Шамарий жана ETHAR (ИТАР) коомдук кайрымдуулук фондунун башчысы Алтынбек Кудайбердиев менен жолукту. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда тараптар кайрымдуулук алкагында жасала турган иштерди сүйлөшкөн. Тагыраагы, жетимдер үчүн курула турган кыздар жана балдар жатаканасы боюнча кеп болгон. Аталган жайда жашаган балдарды ар кыл кесиптерге да үйрөтүү планы бар.

Мындан сырткары, селсаяктар үчүн салынуучу жайдын курулушу боюнча маселе да талкууланган. Анда жумушка орноштуруу боюнча шарттар түзүлүп, андан соң аларды акырындап коомго аралаштыруу каралары айтылган.

Жолугушуу учурунда мындан аркы кызматташуу жана Бишкектин тегерегиндеги конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча кеп болгон.

Кудайбергенов аларга ыраазылык билдирип, мындан аркы кызматташууга да даяр экендиктерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости