СҮРӨТ - Кабинетинде пара алып жаткан полковник кармалды
Кылмыш жана кырсык  |   |  7820

9-июнда милициянын полковниги кабинетинде 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Шектүү — ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү У.Э.К. козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн айыпталуучудан пара опузалаган.

Аталган факт боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара опузалоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями