www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын колунда Кытай менен мамиле курганга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай пикирди NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айболот Айдосов билдирди.

Анын айтымында, учурда коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан бийлиги Кытай менен карым-катнашты күчөтүүгө аракет кылып жатат. Өзбекстан Кытайдан 20 млрд долларга чейин насыя алды. Тажикстан дагы алды. Казакстан башка мамлекеттерди карап отурбастан, Кытайга темир жол салып баштады.

--"Бул жерде эмнеге биз чоң таймаштан калып жатабыз деген суроо туулат. Мамлекет өзү иш-чараларды уюштуруп, аракет кылыш керек. Биздин элчиликтер, ТИМ, экономика министрлиги чоң иш жүргүзсө, кыргыз ишкерлерин Кытайга, алардын ишкерлерин бизге алып келип жарманке уюштурса, мамиле күчөйт эле. Акыркы убакта мындай демилгелер жок болуп жатканы көрүнүп турат.

2016-жылкы Кытай элчилигине кол салуудан кийин ал жакка виза алыш да оор болуп калды. Кытай өзүн «жертва» катары кабыл алып, бизден дистанция кармап калды. Мындан чыгыш үчүн кытайларга болгон мамилени өзгөртүп, коркунучтан арылышыбыз керек.

Кыргызстандын колунда Кытай менен мамиле курганга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Саясий эркибиз болсо, каалоо болсо, башка мамлекеттер деле тоскоол боло албайт. Баары өзүбүзгө байланыштуу. Азыр жаңы команда келди. Алар туура багытты тандашса, жакшы натыйжа көрсөтүшөт деп ойлойм. Алдыда Садыр Жапаров Пекинге барып, жеке таанышуу болсо, мамилебиз жаңы деңгээлге чыгат деген ой бар", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости