www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Испаниядагы Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

Иш-чара 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда Сүйүндүковдун киносу толук метраждуу тасмалар бөлүгүндө ат салышат.

Imagine India фестивалы Индия субконтиненти менен Азия, Испания менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Ар жылы улам бир мамлекетте өтүп турат.

Артыкбай Сүйүндүковдун толук метраждуу «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

«Шамбала» тасмасы быйыл 25-апрелде «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын «Ника» сыйлыгына татыган. Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда «Мыкты режиссура» сыйлыгына ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости