www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Президент Садыр Жапаров делегациясы менен Түркияга аттанып кетти. Кандай жыйынтыктарды күтүүдөсүз?

- Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү мамлекет. Аябай чоң транзиттер, туристтер агылган өлкө. Экинчиден, үч күн расмий сапар болуп жатат. Расмий сапар болгон соң сөз жок саясый жыйынтыктар болушу керек. Келишимдер түзүлүшү шарт. Келишимдерде инвестиция бөлүнүп, грантпы, же чоң кредит береби, айтор, өлкөбүз учурда колдоого муктаж. Ошондо жакшы жыйынтыктар болот.

- Түркия менен мамилебиз дагы бекемделсе, Россиянын ичкүйдүлүгү болбойбу?

- Сөзсүз болот. Тоолуу Карабахтагы согуштан кийин Түркиянын геосаяттагы салмагы, ролу өзгөрдү. Өздөрүнө жаңы дем-күч алды. Алардын ири регионалдык мамлекет катары геосасатта максаты бар. Түрк тилдүү мамлекеттер менен биригип, түрк кеңеш куруу максаттары турат. Борбор Азияда геосаяттык атаандашуу бар.

Биринчиси Россия–Кытай. Россиянын Борбор Азияга геосаясаттык өзүнчө максаттары турат. АКШ президенти Байден «мен сөзсүз Кытайга, Россияга каршы чыгам»  дейт. Түркиянын да Россия менен мамилеси оңой эмес. Россия бүгүнкү күндө Түркияга туристтерди жибербей жатат. Чек коюп, пандемияны шылтоолошуп. Андыктан, сапар жемиштүү болушу шарт. Экономикабыздын абалы мышык ыйларык. Түркия да муну түшүнүп турат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости