www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин башымдан өткөн окуя кыздарга сабак болсо дейм... Кыздар, эгерде келечекте кайын-журт, күйөөңөрдүн алдында кадыр-барктуу болом десеңер, мен баскан жолго баспагыла! Менин кетирген катаны кайталабагыла! Менин окуямдан сабак алгыла! Канчалык жигитиңер убада берип, сөйкө салып койсо да, аны никеге чейин жаныңарга жолотпогула! Эмесе, сөз башынан болсун!

20 жаштамын, Жалал-Абад облусунан болом. Мектепти эң жакшы баага бүтүп, мамлекеттик тесттен жогорку балл алып, өз күчүм менен медициналык академияга окууга өттүм. Мектепте эмнегедир мага көп жигиттер ашык эле. Ошолордун арасынан Тимур деген жигитке ашык болуп калдым. Шаарда бир кемпирдин үйүндө батирде жашап жүрчүмүн. Алгачкы сүйүү башкача болот тура... Тимурсуз жашоону элестете алчу эмесмин. Аны бир күн көрбөй калсам сагынып кетчүмүн. Тимур дагы мени жакшгы көрөөрүн айтып, күндө окуумдан чыкканда мени күтүп алып, үйгө жеткирип жүрдү. Ошентип май айындагы  майрамдарга байланыштуу айылга кеттим. Тимур колумду сурап, ата-энесин үйгө жөнөттү. Ата-энем менин каршы болбогонумдан улам, көңүлүм бар экендигин айттырбай түшүнүшүп, Тимурга турмушка чыгуума уруксат беришти. Ошентип болочок кайын-журтум мага сөйкө салып кетишти.

Каникул бат эле бүтүп шаарга келдим. Бул убакыт аралыгында Тимурду өтө сагынып кеттим. Той белгиленгенден тарта батирдин акчасын Тимур төлөп жүрдү. Чоң эне менен дагы таанышып, ар келген сайын белек-бечкегин берип жүргөндүктөн, Тимурдун үйгө келүүсүнө каршы болбойт эле. Ошентип, айылдан жаңы келген күнү Тимур адаттагыдай эле бар тапканын көтөрүп келди. Чоң эне дагы ошол күнү, “Балам, кеч да болуп кетти. Бүгүн үйдө эле түнөп кал” дебеспи. Бул Тимур экөөбүзгө тең жага берди. Ошентип, экөөбүз келечек пландарды куруп, кыялданып отуруп түн бир оокум болуп кетти. Жөн гана кучакташып жатабыз деген оюм тетирисинен чыкты. Тимур заматта эле мени абийиримден ажыратып койду. Көзүмө от чагыла түштү. Эмне кылып койдук деп таң аткыча ыйладым. Бирок, Тимур пешенемден сылап, “Алтыным, эмнеге ыйлайсың? Биз баары бир үйлөнөбүз да. Мен сени алаканыма көтөрүп гана жүрөм, берекем” деп бал тилге салып, алдап койду. Ошондон көп өтпөй эле тойду күтпөй, үйлөнүп алдык. “Шашкан шайтандын иши” деген ушул белем, жашоо мен ойлогондой болгон жок. Чоң тойду күзгө калтырып, кыргызча чакан той өткөрүп коюшту. Нике түндө артымдан кууп келген жеңелериме, “Этек кирим келип калды” деп кутулдум. Ошону менен бул ишке эч ким киришкен жок. Бул жагы жакшы болгону менен абысындарым шекшинип, чындыкты сезгендей болушту.

Баткенге келин болдум. Көшөгөдө олтургандын эртеси эле, чоң кайнежем келип, “Конок күтөбүз, чыгып кызмат кыл,” - деди.  Тазалыкты сүйгөн жаным, көшөгөдөн чыгып эле туш тарапта чачылган өрүктөрдү жыйнап кирдим. Анан абысындарымдын, “Жаткан өрүк бүгүнчө да жатып турмак да, кирип дасторконго жардам бербейби” дешкенин угуп калдым. Жаңы келин эмне демек эле, ал сөздү кулагымдын сыртынан кетирип койдум, ишимди уланта бердим. Бир маалда жаныма Тимур келип калганынан, “Эркелетет го” деп сүйүнүп кетсем, кир өрүктөн бирди чайнап жеди дагы, менин оозума да бирди салып,  “жеп көрсөң, биздин өрүктөр укмуш ширин да” деп басып кетти. Корс мамиле жасаганына зээним кейиди. Оозумдагы өрүктү дароо түкүрүп салдым. Абысындарым анда бирдемелерди шыбырашып калышты.

Убакыт өтүп, бир аз да болсо келиндик кызматымды өтөп, окуумдун шылтоосу менен шаарга келе бердик. Эми батирди өзүбүзчө ижарага алып жашап калдык. Келген күнү түнү менен кусуп кыйналып чыктым. Түшүнүктүү да, боюмда бар экен. Эртеси эле доктурга барсак, УЗИге жөнөттү. Ал жакка да экөөбүз чогуу барып, УЗИ мөөнөтүн бир ай чоң көрсөтсө болобу?.. Биздеги көйгөй ошондо башталды. “Ушуну сезген элем. Кантип эле бир жолу жаткандан боюңда болуп калсын?! Мага калп эле "кызмын" деп, “подаркаң” менен келген турбайсыңбы” деп мээмди жей баштады. Сөгүп, кол көтөргөнгө чейин барды. “Төрөсөм бала сеники экенин далилдейм” деп баарына чыдап жашап жүрдүм. Ай-күнүм жетип көз жардым. Уул экен. Тимур кубанган деле жок. 3 күн өткөндөн кийин маанайы суз келип чыгарып кетти. Үйгө барып эле, “Кан тапшырабыз, бала менденби жокпу текшеребиз” деди. Бул сөздү күтүп жүргөм, тийиштүү жерлерге барып, бала Тимурдуку экенин далилдей алдым. Ошондон тарта, ал менден кечирим сурап, балага мээрим төгө баштады. Бирок, менин жүрөгүм эч эле жылыбай койду. Кечиримдүү болуш керек экенин билип туруп такыр кечире албай койдум. Анын мага жасаган орой мамилеси дагы деле көз алдымда, ал эми айткан суук сөздөрү ушул күнгө чейин мээмди мите курттай жеп келет. Кыз-келиндерге суроом бар, силер менин ордумда болсоңор эмне кылмаксыңар? Кеңешиңиздерди күтөм!

Айчүрөк, Бишкек шаары

Булак: "gezit.kg"

Последние новости