www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарпашев дагы былгыйбы?

Т.Сарпашов жетектеп кеткен Мамкаттоо кызматына караштуу Бишкек шаардык жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын, т.а. «Бишкекархитектура» мекемесинин кызмат адамдарына иш козголду.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315-беренеси (кызматынан аша чабуу), 350-беренеси (документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, штамп, бланкаларды даярдоо, колдонуу) менен айыпталууда.

Бышыктай кетсек, 2016-жылы бул адамдар саламаттык сактоо мекемелерине таандык жерди жергиликтүү жаранга мыйзамсыз бергени жана Киев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек объектке мыйзамсыз техникалык паспорт бергени аныкталганы айтылууда. Албетте, жогор жактын тапшырмасы болмоюн майда кызматкерлер мындай иштерди жасай албайт, муну баары билет.

Демек, бул иштерде да Тайыр мырзанын кулагы чыгабы? Эгер кыңыр иши аныкталса, түбөлүгү не болот? Жылмаңдаган Сарпашев тынч иштеген эмес окшойт.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости