www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Луч света» гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгени ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасындагы Европа бирлиги кеңсесинин жана БУУ бир катар агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

«Луч света» максаттуу инвестициялар аркылуу гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгеси гендердик теңчиликти сактоого жана аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Гендердик теңчиликти сактоо Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүү индикатору катары саналат. Биздин республика «Луч света» гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгени ишке ашыруу үчүн тандалган бирден-бир мамлекет болуп саналат, бул багытта алдыдагы үч жылга болжол менен 7,8 млн АКШ доллары бөлүнөт», - деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөлүк программаны ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Улутук координациялык комитет негизделген, ага стратегиялык жетекчилик жана көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөн.

«Программа 6 негизги багыт: саясат жана мыйзам чыгаруу, институттарды чыңдоо, зомбулуктун адын алуу, тейлөө сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтар, аялдардын укук коргоо кыймылдарын жана жарандык коомду колдоого алуу боюнча иш жүргүзөт. Учурда «Луч света» глобалдык демилгесинин алкагында уникалдуу өлкөлүк программаны иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иш жүргүзүлдү, аны өлкөдө ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, кызыкдар мамлекеттик органдардын, Европа бирлигинин, БУУ тутумунун агенттиктеринин, жарандык коом уюмдары өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жүргүзүлүүдө», - деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Европа бирлигинин Элчиси Эдуард Ауэр жалпы максаттарга жетишүү үчүн кызыкдар тараптардын: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун ортосунда тыгыз кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело белгилегендей, коюлган максаттарга биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана жетишүүгө болот. 

«Көптөгөн стратегиялык маселелер бар, аларды чечүү үчүн биз пикир алмашып, ыкчам чечимдерди кабыл алып жана аларды натыйжалуу ишке ашыра турган платформанын болушу өтө маанилүү. Адам укугу, гендердик теңдик сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулап, жаңы сунуштарды киргизип жана өнөктөштөрүбүз менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган жолугушууларды өткөрүүнү сунуштайм»,- деп кошумчалады Озонниа Ожиело.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумуна жана Европа бирлигине кызматташуусу жана гендердик өнүктүрүү маселелеринде техникалык, финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости