www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кеңешбек Дүйшөбаевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Кеңешбек мырза, Кыргызстанга кандай башкаруу ылайыктуу деп ойлойсуз?

--Негизинен парламенттик, президенттик же аралаш башкаруу системасы принципиалдуу эмес! Башкаруунун ар бир формасы менен өзүнчө жашашып, эң мыкты өнүгүп жаткан мамлекеттер дүйнөдө толтура. Кеп бийликтин формасында эмес, мазмунунда! Кыргызчага которгондо-бийликтин калыстыгында, акыйкаттулугунда, ыйманында, чынчылдыгында, абийиринде, нарктуулугунда.              

--Парламенттик шайлоонун босогосу канча пайыз болсо, реалдуу болуп, чыныгы атандашууга жол ачат деген пикирдесиз?

--Азыр парламент карап жаткан 7% шайлоо босогосу туура деп эсептейм. Ошону менен катары эле шайлоого катыша турган партиялардын 5 млн.сомдук каражат залогу сакталып калышы керек. Бул саясий популизмден сактоочу механизмдердин бирөөсү.

--Исхак Масалиевдин мандатын күздөгү шайлоого кам көрүп тапшырдыбы же чындап эле депутаттардын деңгээлинен, өзү демилгечи болгон мыйзамдын шылдыңга кабылганынан тапшырууга аргасыз болдубу?

--Мындай кадамды И.Масалиев биринчи болуп жасаган жок. Акыркы мезгилде бир нече депутаттар ушундай кадамга барышпадыбы. Бул шайлоонун астындагы тактикалык жүрүштөр жана саясий оюндар деп эсептейм.

--Кеңешбек мырза, бир эмес эки революция болду. Революциядан  мамлекетке пайда болдубу? Айрымдар системаны өзгөртөбүз деп бардык нерсенин таш- талканын чыгарды деп  сүрөттөшөт го?

--Коом, эл чоң сабак алды деп эсептейм. Өнүгүүнү ызы-чуу эмес, жан дүйнөнү, рухту өзгөртүү жолу, ата-бабадан калган нарктуулук, барктуулук, акыйкаттык, чындык, калыстык, ыймандуулук деген принциптердин, илимий-техникалык заманбап методдордун негизинде болуусу керек экендигин көпчүлүгүбүз түшүнүп калдык. Биздин эл, коом бул этапдардан өтүшү керек болчу. Өнүгүп, өскөн мамлекеттердин баары муну баштарынан өткөрүшкөн.

--Эми революция болсо, супермаркетте эмес, байларды тонойбуз деген топтор пайда болуп, байлардын тизмесин түзүп жатат деген кептер бар го. Революцияда тоноону максат кылбай  эле койсок болбойбу?

--Радикалдуу, популисттик күчтөр революция мезгилинде эле эмес, тынч жашооу багында деле боло берет. Шайлоонун астында болуп жатканы табигый эле көрүнүш. Бирок алардын мыйзамды тебелеп-тепсеп, чектен чыгып кетпешине укук-тартип сактоочу органдар, күч структуралары тыкыр көзөмөлдөп, керек болгон учурда тиешелүү чараларды көрүп турушу керек.

Булак: NazarnNews.kg

Последние новости