www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйыны жана Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин сессияларынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Сиздин жетекчилигиңиз астындагы COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасын жалпылаштыруу үчүн эки сессиянын жыйынтыктары өзгөчө мааниге ээ болооруна ишенем. Кытайдын күч-аракеттери бүткүл дүйнө жүзүнүн COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүнө чечүүчү салым кошот деп ишенимдүү айта алам.

Эки сессиянын, анын ичинде Кытайдын укуктук-ченемдик базасын өркүндөтүүгө багытталган жемиштүү иши Кытайдын айрым аймактарындагы коопсуздукту жакшыртууга жана өсүп-өнүгүү менен бакубаттуулуктун негизи катары тартиптин сакталышына кызмат кылаарына шек жок. Кыргызстан дайыма бир Кытай саясатын колдоп келгендигине жана колдой тургандыгына Сизди дагы бир жолу ишендиргим келет.

COVID-19 менен күрөшүүдө Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасына көрсөткөн маанилүү гуманитардык жардамы үчүн Сизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Кытай элинин салттуу достук белгиси биздин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүбүздү дагы бир ирет тастыктап отурат, мен бардык багыттар боюнча жетишилген келишимдерди активдүү жылдырарыбызга толугу менен ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге албан ийгиликтерди, ал эми Кытай Эл Республикасынын дос элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости