www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Польшадан кармалып, “Кыргызстанга экстрадицияланганы жатат” деген Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райгүл Жапарованы кепке тартып, ага коюлган айыптар, дооматтар, азыркы жашоосу тууралуу сүйлөшүп, өз чындыгын уктук.  

--Райгүл эже, Кыргызстанды сагындыңызбы?

--Албетте, сагындым. Кыргызстан менин киндик кан тамган жерим - Ата Мекеним. Өз жериңде, өз элиңде  жашаганга не жетсин. Бирок бул жакка салыштырмалуу азыркы учурда мыйзам иштебей, адам укугу тебеленип, акыйкатсыздык өкүм сүрүп, адилеттүүлүк ат чабым алыста калганы мени абдан өкүндүрөт.

--Өз мамлекетиңизге кайтып келсем деген ниетиңиз барбы?

--Мени жасалма иш козгоп жалган жалаа менен сыртыман соттоп коюшту. Кудайым буюрса өлкөбүздө мыйзамдуулук орноп акыйкаттык келсе, сөзсүз кайтып келип өзүмдүн ак экенимди далилдейм.

--Сиз алыста жашоого аргасыз болгон мезгилде ата-энеңизден, чырактай иниңизден ажырадыңыз. Мындай учурда келе албай, жандарында боло албаганыңызга өкүндүңүзбү?

--Бул орду толгус жоготуу мен үчүн аябай оор болду. Эки жылдын ичинде дүйнөдө теңдеши жок атамдан, анан алпештеп баккан энемден жана боорукер, жароокер инимден айрылдым. Атам менен Энем ооруп жаткан учурда жанында боло албаганыма аябай капаландым...

--Польшанын  аба ырайына, жашоо шартына көндүңүзбү?

--Ооба, бат эле көнүп кеттик. Аба ырайы кышында кар жаабайт деле, а жайында болсо бизге караганда салкыныраак болот экен. Негизи жаан көбүрөөк жаайт. Жашоо шарты болсо, бизге салыштырмалуу, аябай эле өнүккөн. 

--Учурда эмне иш менен алек болуп жатасыз? Ал жакта адистигиңиз менен иштесеңиз болот бекен?

--Өзүңүздөр көргөндөй баламдын баспаганына байланыштуу иштегеним жок. Эртең менен баламды мектепке узатам, түштөн кийин кайра тозуп алам. Бул жакта мектепке барыш үчүн майып балдарга өкмөт  атайын машина бөлүп берет экен. 

--Польша менен Кыргызстандын  айырмачылыгын байкай алдыңызбы?

--Польшанын эли сылык келет экен. Адамдар бири-бири менен иши жок. Ар ким өзүнө ыңгайлуу жашоо менен жашашат. Мыйзам жакшы иштейт, паракорчулук жок. Мектеп жашындагы балдар сөзсүз түрдө окуш керек экен. Бала бакчаларга кезеке туруп койсоң, кезегиң келгенде пара бербей эле балаңды орноштурат экенсиң. Кыскасы, Кыргызстан менен салыштырсаң аябай эле көп айырмачылыктар бар экен. Баарын айтып бүтө албайм го.

--Ал жакта эркин жашоого, укугум тебеленбейт деп ишенүүгө мүмкүн бекен?

--Албетте, ишенем. Бул жакта адам укугу эң жогорку деңгээлде турат. Алты жылдан бери сен башка улут, башка дин экенсиң деп бөлгөн адамды көргөн жокмун.

--Баса, күч органдары сизди Кыргызстанда чоң кылмышкердей сүрөттөп, интерпол аркылуу кармалып, экстрадициялоо аракети жасалып жатканын жар салаар замат, аны төгүндөгөн сиздин билдирүүңүз тарады. Сизди кармоо аракети болду беле?

--Кечээ жакында полициядан чакыруу келип, сурак берип келдим. Кармап, камашкан деле жок. Бул жакта мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүргүдөй Кыргызстан эмес да. Жогоруда айткандай Адам укугу, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген эң жогорку орунда турат. Жөн эле адилетсиз бийликтин колуна өткөрүп бербейт. Кудай буюрса Польшанын жарандуулугун алабыз деп турабыз. Женевский паспорт алганбыз. Кыргызстандан куугунтукка туш болуп, жок жерден караланып, арзыбаган нерсе үчүн мыйзамсыз камалгандан кийин үй-бүлөөм менен саясий баш паанек сурап, Польшага келгенге мажбур болгом. 6 жылдан бери издебей, эми интерпол аркылуу издешкени кызык болуп жатат. 

--Балким, иниңиз Садыр Жапаровдун эркиндикке чыксын деген маселе көтөрүлө баштаганда сизди камоо аракети башталдыбы?

--Мүмкүн. Иним Садырдын көтөргөн маселесинен кооптонгон бийлик, аны мокотуш үчүн мага жок жерден кылмыш ишин ачып, мыйзамсыз соттоо аракетин көрүшкөн. Өкүнүчтүүсү, мыйзамсыз ачылган  кылмыш иши экенине карабай, Садырды санаркатыш керек болгон учурда мени издөөгө алып же мени камай салган адат боло баштады. 

2012-жылы бир тууган иним Садырды УКМКга камап, 2013-жылы апрель айында мени СИЗО 1ге мыйзамсыз камап коюшту. Көрсө, мени  Садыр менен соодалашыш үчүн  камашыптыр. Алардын негизги максатын билгенден кийин мен үчүн соодалашпай эле койсун, андан көрө баштаган ишин аягына чыгара берсин деп койгом. 21 күн дегенде мени СИЗОдон чыгарып, мага козгогон кылмыш ишин Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу Райкүл Жапарованын күнөөсү жок деп, ишти артка жөнөтүштү.

Бирок, ага карабай мени сыртымдан соттогон соттун да чечимин чыгарышты.  6 жылдан бери эстеринен чыгарып коюп, кайра камоо аракети башталганынан улам Садырды эркиндикке чыкканды унут. Болбосо, эжеңди да камайбыз деп соодалашканы жатышат окшойт. Эмнеси болсо да, Кудайдын көзү түз болсун. Жараткан өзү баарыбызды колдосун. Жергебизде тынчтык, элибизде аманчылык болсун.

--Сизге коюлгандай дооматтай жагдай башка банкта кездешпейби?

--Мындай маселелер ар бир банкта кездешет. Өз убагында жаба алышпай калышат. Же кеч жабышат же таптакыр жаппай коюп соттошушат. Ошон үчүн мага кылмыш ишин козгоп, камашканына таңгалам. Чынында  Ысык-Көл Инвест банк жеке банк болгондон кийин мамлекетке бир тыйын деле зыяны тийген эмес. Мамлекет зыян тартпаган жерден эле мени каралап, камап миллиондорду жеп кеткен чоң кылмышкердей таасир калтырып жатышканына азыр да түшүнө албай кетем. Мага доомат койдурган кредит кеч болсо да кайтарылган. Ага кылмыш ишин козгоп кыжаалат болуштун деле кажети жок эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости