www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 29-май күнү Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, унаа жолдон чыгып, жарга кулап түшкөн. Бул тууралуу тЖалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 16:30 чамасында Токтогул РИИБине жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. ЖКККБнын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Бишкек-Ош жолунун 219-чакырымында кырсык орун алганы аныкталган.

Маалыматтарга караганда, Аксы районунун тургундары бараткан Степвагон автоунаасы белгисиз себептерден жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен. 15-20 метрге чейин унаа сүрүлүп барып аңтарылып кеткен.

“Айдоочунун айтымында, унаада 5 адам болгон. Алардан айдоочу менен бир жүргүнчү жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми калган эки жүргүнчү ошол эле учурда башка унаага түшүп, жолун улап кетишкен. Учурда окуя боюнча материалдар топтолуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз катчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости