www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 29-майда Түркмөнстандын Стамбулдагы элчилигинин жанында митинг өтүп, ага 20дай түркмөнстандык катышкан. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылышты.

“Афганистанга жардам берип атат, Россияга жардам берип атат. Өз элин алгач тойгузуп албайбы, өз элине адегенде жардам бербейби! Диктатор, тууган-уругуң менен кет!” - деп чогулгандардын бири кыйкырды.

Нааразылык акциясы өлкөнүн ичинде, Түркмөнабад шаарында да өткөн.

Белгилей кетсек, акыркы айда АКШда, Түркияда жана Түндүк Кипрде жашаган түркмөндөр нараазычылык акциясын өткөрүп жатышат. Буга Түркмөнстандагы экономикалык каатчылык, азык-түлүк таңкыстыгы себеп болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости