www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ интернет желелеринде тараган эки кишинин сүйлөшкөнү жазылган аудио кабар тараган. Сүйлөшкөн кишилердин бири, кыязы, Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сапар Аманкулов, экинчиси Нарын ИИББинин кызматкери Азиз Манасбек уулу болгон. Анда аймактык тескөөчү (участковый) айлык акынын үстүнө кошумча акы төлөнбөгөүнүн, облустук ички иштер башкы башкармалыгын жетекчиси менен анын оперативдик иштер боюнча жардамчысынын жатаканасы, тамак-ашы үчүн милициоенрлерден 300 сомдон чогултуп жатканын жетекчиликке айткан. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Нарын ОИИББи маалымат берди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-май күнү Нарын ОИИБинин  убактылуу милдетин аткарып жаткан милициянын подполковниги Аманкулов Сапар Аманкулович менен Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери  уюлдук телефон аркылуу байланышка чыгып, ал  сүйлөшүүнү аудио жаздыруу кылып, интернет булактарына таратып жиберген.

"Ал сүйлөшүүдө С.Аманкуловдун жашап жаткан үйүнө, ичкен тамагын төлөө үчүн өздүк курамдан 300 (үч жүз)сомдон чогултуп жаткандыгын билдирген.Бул билдирүү чындыкка дал келбейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган билдирүү Нарын ОИИБи тарабынан катталып, Ички  иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берүү үчүн Нарын облустук прокуратурасына жиберилет.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы кошумча билдирилет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости