www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, "Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын талапкерлигин жактырды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Алтынай Өмүрбекованын ордуна Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын талапкерлигин сунуштады.
Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.
Бул тууралуу парламенттин жыйынында Аида Исмаилова: "Мен өз ишимде Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү катары топтогон тажрыйбамды колдоном жана коомчулукка пайда алып келем", -деп билдирди.
Кызматка сунушталган Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика — Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү. Кызматка дайындалып калса өкмөттүн социалдык маселелерин тескейт.
Булак: NazarNews.kg