www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов коронавирус жуктургандар буга чейин кайсы жакта болгону боюнча так маалымат берилбей жатканын айтты.

"Эмне үчүн коронавирус жуктургандар буга чейин кайсы жакта болгонун так көрсөтпөй жатасыздар? Ал карантинде беле, обсервацияда жаткан беле же көчөдөн кармап келдиңерби? Ушул боюнча маалымат жыйында айтып туруш керек. Эл билиши керек да. Жанындагы адамдар да этият болот эле да", - дейт Нышанов.

Саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер Сабыржан Абдикаримов бул маселени республикалык штаб менен чечип туруп, маалымат бериле турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости