www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Өзгөчө абалдын талаптарын аткарбаган айдоочуларга карата жоопко тартуу чаралары башталды. Мисалы, видеодогу айдоочу эрте мененки саат 8:00дөн саат 11:00 чейинки убакта бир эле багытта 4 жолу санитардык-карантиндик посттордон Өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай өткөн.

Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош шаары,Ош облусунун Кара-Суу,Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору билдирди. 
"2020-жылдын 1-апрель күну Ош-Аэропорт жолунда орнотулган санитардык-карантиндик постттордон постто турган укук коргоо органдарынын өзгөчө абалдын эрежелерин так аткаруу боюнча койгон талаптарга карабастан эрте мененки саат 8:00дөн саат 11:00 чейинки убакта бир эле багытта 4 жолу санитардык-карантиндик посттордон өтүп Өзгөчө абалдын талаптарын аткарбаган айдоочуну автоунаасы менен Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу,Ноокат райондорунун комендантынын алдында түзүлгөн атайын топтор тарабынан тийиштүү жерге алынып кетилди. Бул жаран алгач ички иштер органдарынынын тергөө кызматына алынып барылып, андан ары медицина кызматкерине текшерүүгө өткөрүлүп берилет",-деп маалыматта айтылган.

 

Соц.тарамактарда таркалган жарандарды автоунаага салган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча Ош ОИИБи маалымат беришти.
"2020-жылдын 1-апрель күнү Кара-Суу шаарынын аймагында Өзгөчө абалдын талаптарын жана эрежелерин так сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын учурунда Кара-Суу шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде 4 жаранга көчөдөн үйүнө кирүүсүн суранганда алар: азык-түлүк алууга жана акча алуу үчүн банкка бара жаткандыгын билдиришкен. Бирок автунаадагы патрулдук кызматкерлер тарабынан мурда эскертүү берген жарандар өздөрү айткан банк жана азык-түлүк дүкөнүнө барбастан Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев эс алуу сейил багын көздөй бара жаткандыгын көрүшүп, аларды эмне максатта ал тарапка бара жаткандыгын териштирүү үчүн автоунаага салышкан.
Кармалган 4 жаран алгач Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына алынып барылган. Өздүгүн тактап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан соӊ кармалган жарандардын баары милиция кызматкерлери менен бирге экспересс-тесттен өтүшкөн.
 Бул иш-аракеттер коронавируска каршы күрөшүү, калкка бул илдеттин таркап кетпөөсүнө бөгөт коюу максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар. Албетте, мындай аракеттер ар бир эле жаранга жага бербесин түшүнүп турабыз. Бирок калкыбыздын саламаттыгы үчүн ушундай кадамдарга барууга мажбур болуудабыз. Ыӊгайсыздык жаратып жаткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз",-дейт коменданттык кызмат.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости