www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейтаптын саламаттыгын коргоо үчүн күрөшүп, тилекке каршы өздөрү вирус жуктуруп ооруп калган ак халатчандардын абалынан буга чейин эч бир өкүлү кабар алган эмес. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Ош шаарындагы короновируска чалдыккан дарыгерлердин абалы менен таанышып, чындыкты укту.

Ал тууралуу эл өкүлү өзүнүн фейсбук баракчасына:

Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым.

⏺Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! "Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!", - деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер.

⏺ Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде спец форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.

⏺Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин "ажы тойго барган" деген маалыматты тараткан чиновниктери жазасын алууга тийиш. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө Өкмөткө, штабка да кат менен кайрылдым.

⏺Компенсация төлөбөй коюу максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди "унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат" деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштениздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт.

Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым", - деп эл өкүлү жазган.

Эске сала кетсек, 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости