www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Комендант Жеңиш Жоробеков кайрадан кыргызстандыктарга чукул Кайрылуу жасады.
Урматтуу мекендештерим, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында социалдык жактан бир топ кайрылуулар түшүп, аларды көз кырыбызда калтырбастан бардык маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө багыт алып иштеп, жардам бергени аракет кылуудабыз.
“Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы” - демекчи, ар бир айылда, райондордо элдин жүгүн көтөрө билген, мекенчил, берешен, колунда бар инсандарга кайрыларым, мүмкүн болсо коло-кошуна, айылдаштарга, колу жука, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга көз салып, жардам колун сунуп, ушундай оор күндөрдө жалгыз таштап койбой колдоп коюшуңуздарды суранып кетемин- деген Жеңиш Жоробеков Кайрылуусунда.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 11-апрелден 12-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында жалпы - 19 кылмыш окуялар катталган. Алардын ичинен Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында – 5 кылмыш катталган. Жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 8, Сузак районунун аймагынан – 16 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан - 82 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлгандыгын билдирди жеринен ЖеңишЖоробеков.
Булак:NazarNews.kg