www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Брюсселде "Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтык" темасында өтүп жаткан иш-чарага катышууда.

Жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, балдарга карата көрсөтүлгөн кордук, аялдардын саясаттагы орду, үй-бүлөнү, ишкер айымдарды колдоо жана бул жаатта башка өлкөлөрдүн депутаттары менен кызматташуу сыяктуу маселелер боюнча сөз болуп, кеңири талкууга алынды.

Бул эл аралык иш-чарада депутат Аида Касымалиева Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарына арналган жана бул жаатта кабыл алынган мыйзамдар, ошондой эле алдыдагы чакырыктар тууралуу баяндама жасады. Эл өкүлү 2018-2019-жылдары мигранттардын балдарынын абалы, балдарга жөлөкпул боюнча мыйзамды дагы өркүндөтүү, анын аткарылышын камсыздоо, аталган маселе боюнча жер-жерлерде иш алпаруу керектигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, жыйында Өзбекстандын Юстиция министринин орун басары Акбар Ташкулов, Тажикстандын Юстиция министринин орун басары Шахноза Анвар Нодири, Динара Оспанова (Казакстан), Шемшат Атаджанова (Түркмөнстан), Евгений Жовтис (Казакстан) өз өлкөлөрүндөгү абал боюнча баяндамалары жасашты.

Талкууда эң башкы тенденция - Борбор Азия өлкөлөрү аймактык интеграцияга бет алганы даана байкалып турду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости