www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бакыт Жеңишбекович, сөздү жайкы каникулдан баштасак, депутаттардын көпчүлүгү чет өлкөдө эс алары белгилүү, сиз кайда болдуңуз?

--Мен Кыргызстандан эч кайда чыккан жокмун, айыл-апага барып, тууган-урук, жоро-жолдош, эли-журт менен жүрдүм. Токмокто, Таласта, Көлдө болдум. Ооба, мурун чет жакка чыгып жүргөм, 4-5 жылдан бери өзүбүздүн жерде эс алам.

--Ата-бабанын салтын дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну башталды, бул жаатта кандай пикирдесиз?

--Көчмөндөр оюну кыргыз үчүн эң жакшы табылга болду. Мына быйыл үчүнчү ирет өткөрүп жатабыз. Кыргыздардын бренди десек жаңылышпайбыз. Биз муну менен Кыргызстанды оңой, арзан тааныта алдык. Экинчи ирет өткөрүлгөндө кадимкидей дүңгүрөп, кыргыз эли улуу жана бай маданиятка ээ экенине дүйнө жүзү күбө болгон. Ошондо казактын бир окумуштуусу агынан жарылып, «Казакстан Экспо өткөрүш үчүн миллиарддаган каражат кетирди, тилекке каршы ойдогудай болгон жок. Ал эми кыргыздар азамат экен, көчмөндөр оюну деген абдан сонун идея менен мамлекетти бүт дүйнөгө таанытты. Орустар айткандай тыйын салып сом алды» деп суктанган. Анткени Экспону өткөрүш үчүн ондогон өлкөлөр талашат, аны жеңип алыш үчүн көптөгөн каражатты сарпташ керек. Андан кийин өткөрүш үчүн да миллиарддаган каражат кетет, аны көрдүк. Мындан сырткары, өзүнүн мамлекетин таанытып, туристтерди чакыруу үчүн Азия ж.б. аймактагы өлкөлөр «Евронюска» миллиондогон каражатты берип өздөрүн рекламалайт. Бизде андай каражат жок, бирок көчмөндөр оюну менен абдан сонун жарнама кылып алдык. Кыргызстанды таанытуу үчүн абдан жакшы брендди таптык, менимче кыргыздын эң чоң жетишкендиги ушул идея болду.

--Кээ бир саясатчылар, коомдук ишмерлер бул идеяны сындап, кыргыздар миллиондогон каражатын сапырып той өткөргөндү, мактанганды жакшы көрөт, андан көрө ишкана салып экономиканы көтөрбөйбү дешүүдө, буга эмне дей аласыз?

--Ишкананын орду бөлөк, ал эми көчмөндөр оюнунун орду башка. Экономикадан бийик турган мамлекеттин намысы, элдин биримдиги деген нерсе бар. Мамлекет кичине кыйналышы мүмкүн, бирок анын артында миңдеген пайда келет. Дүйнө жүзү Кыргызстанды тааныганы эле канча пайда?! Эгер биз реклама кылдыртсак миллиондогон каражат кетет, биз бул жааттан уттук. Ал эми кыргыз өзүнүн тамырын тапканга бул идея табылгыс нерсе. Азыркы ааламдашуу доорунда биз эң алды ким экенибизди аныктап, өлкөдө биримдикти сактап калышыбыз керек. Бирок, мени кайгыртканы кийинки оюнду өткөрүү милдети Түркияга өткөрүлүп бериптир, буга менин ичим ачышып турат.

--Дагы бир чоң иш чара түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары чогулду, мунун келечегин кандай көрүп турасыз?

--Бул жакшы саамалык, тамырыбыз менен биригишибиз зарыл. Боордош элдер саясий, экономикалык жактан карым-катышты чыңдашыбыз керек. Азыр дүйнөлүк процесстин өзү биригүүгө түртүп жатат. Мындай шартта биз бири бирибизди колдошубуз шарт.

--Жайы менен эл арасында жүрдүм дедиңиз, калктын бийликке болгон көз карашы кандай экен, ММКларга жайылган ушак сөздөрдү укпадыңызбы?

--Президенттин алмашканына жакында бир жыл болот, эми иштин жыйынтыгы алдыда билинет. Эл башталышы жакшы, коррупция менен күрөш башталды, эми калганын алдыда көрөбүз деп турат. Негизи мурункулар деле коррупция менен күрөшкөн, ар биринин тушунда депутаттар, министрлер камалган. Бирок ал кандай жүргөнүн убакыт таразалайт. Элге мамлекет шарт түзүп берсе эле болду.

--Токмокто бычакташкан окуя катталып, ал жерде сиздин атыңыз дагы аталып жаткан кези, сиздин командаңыздан деген сөздөр бар, чоо-жайын билдиңизби?

--Мен да элден уктум, уруштун айынан бычакташыптыр деген сөздөрдү ММКдан окудум. Окуяга катышкан адамдын бири КСДПдан экен ага мени жабыштырып жатат. Албетте, мен эл көзүндөгү адам болгондон кийин кээ бир саясий топтор каралаганга аракеттенет, мен ага арданбайм. Буга чейин деле айтышкан, мындан кийин да көө жабат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми команда боюнча айтсам, ар кимдин өз жашоосу бар. Кимдин оюнда эмне бардыгын эч кимибиз билбейбиз. Жакшысы болсо сүйүнөсүң, начар болсо кайгырасың. Идеалдуу команда жок, ошондуктан кыргыздар кой аксагы менен миң дейт. КСДП келгенден бери Кудайга шүгүр, баары жакшы иштеп жатат. Мурункудай ызы-чуу жок. Убакыт баарын ордуна койот.

Памир Манас

Булак: "Де-Факто"

Последние новости