www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаевге ИИМ генералдарынын ичинен бирөөсү барып жолугуп, алдынан өтуп кечирим сураптыр деген маалымат коомчулукка тарады.

Демек учурда Көлбаевдин, жалпы эле крим дүйнөсүнүн таасири күчтүү экенинен кабар берди десек болот. Крим дүйнө лөктөрү ГУУР менен ГУБОПтун эшигин тээп кирип, опер кызматкерлерди жүктөп барып, талаадан темир менен сабаган учурлар болгон эле. Милиция жетекчилиги менен крим дүйнө лидерлери саунада чогуу сайрандаган заман болгону ырас. Эми ошол заман кайра кайталанабы деген кооптонуу милиция кызматкерлери арасында пайда болууда. Кудайым өзү сактасын дейли.

Бул бийлик андайга жол бербестир...бирок Камчы Көлбаевден кечирим сураган кайсыл генерал? Данияр Абдыкаровбу, Сүйүн Өмүрзаковбу, Курсан Асановбу, Мелис Турганбаевби? Азырынча белгисиз. Тактап жатабыз, кабардар кылабыз.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости