www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Аида Касымалиева кол топтоо боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, вице-спикерлик кызмат кимдир бирөөгө ушунчалык керек болсо, ал кызматын бошотуп берүүгө даяр.

«Кызматтан алуу тууралуу иш фракция аркылуу өтөт. Бирок мен ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Баары көшөгө артында жасалууда. Эгер алар мага келип, ушул кызматты каалайбыз деп түздөн-түз айтышса, мен аны бошотмокмун. Учурдагы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эбак аяктап, эч кандай вакуум болбошу үчүн мөөнөтүбүздү узартканбыз. Азыр интрига кыла турган убак эмес», – деди Аида Касымалиева.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеванын кызматтан кетиши үчүн депутаттар кол топтошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости