www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды. Бул тууралу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымакта ылайык, Бишкекте дзюдо федерациясынын президентин шайлоо боюнча конференция өттү.

«Жолдошбек Көлбаевдин талапкерлиги аталган кызматты буга чейин аркалап келген федерациянын президентинин кызмат ордуна сунушталган. Анын талапкерлиги конференциянын бир добуштан кабыл алынган чечими менен колдоого алынды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Жоомарт Шамканов, машыктыруучулар, дзюдо боюнча судьялар жана Кыргызстандын спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты », – деп билдирди мамлекеттик агенттик.

Эскерте кетсек, федерациянын президентин шайлоо төрт жылда бир өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости