www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-спикер Аида Касымалиеванын коронавируска тапшырган экинчи анализи дагы таза чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы барачасына жарыялады.
“Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда - жумуш көп. Азыр Штабдын ишине да Жогорку Кеңештин депутаттары катышсын деген кат даярдап жатабыз. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз. ✊💪
P.S. 14 күн врачтардан башка эч кимди көрбөй, жалгыз болуп, а түгүл үй-бүлөңдү да көрбөө кыйын эле экен, бирок мыйзам баарына бирдей. Карантиндин эрежелери толук аткарылышы зарыл. Бул өтө маанилүү. Баарынарды сагындым. Ишти дагы”,-деп Аида Касымалиева жазып чыкты.
Эске сала кетсек, вице-спикер депутат Абдыбек Дюшалиев менен чогуу Германияга барып келген. Алар 13-мартта келээри менен үй карантинине алынышкан.
Булак: NazarNews.kg