www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын жарандарына коронавирус тууралуу сүйлөшүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ашхабаддагы кызматы кабарлады. Анын айтымында, COVID-19 жөнүндө сүйлөшкөндөрдү укук коргоо органдары кармап кетип жатышат.

“Аталган илдетти сүйлөшкөндөрдүн баары кармалып жатат. Кезек күткөндө, авто бекеттерде, автобустарда сүйлөшүүлөрдү тыңдай турган атайын адамдар коюлган”,-дейт Ашхабаддагы кабарчы.
Маалыматка караганда, жарандык кийимчен адамдар кармалгандардан эмне талап кылаары белгисиз. Бийлик ушундай жол менен дүрбөлөңгө түшүүнүн алдын алууну көздөгөндүгү айтылууда.

Акыркы бир жумада Түркмөнстанда коронавирустун таралышын алдын алуу максатында борбор калаада, региондордо иш-чаралар күчөтүлүп, кыймылга чектөө киргизилип, жарандардын дене табы өлчөнүүдө.
Басылманын маалыматына ылайык, эми борбор шаардын коомдук жайларында дезинфекциялоочу каражаттар коюлуп, дарыканаларда алардын тартыштыгы байкалууда.

“Банктын, ИИМдин мекемесинин кире беришинде дезинфекциялоочу спирттик каражат, нымдуу аарчыгычтар жана оксалин мазы коюлган”,-дейт кабарда.

Эске сала кетсек, Түркмөнстандын расмий маалыматына караганда өлкөдө коронавирус менен катталган учур жок.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости