www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда сыртынан соттолгон Евгений Гуревичтин айткан маалыматы тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Салянованын айтымында, "Гуревичке жолукту деген прокурорлор" ал баш прокурорлукту аркалап турган кезде АКШга барган эмес.

“Азаттык”: Сиз АКШга барган учурда Евгений Гуревичтин бул өлкөдө экени тууралуу маалыматыңыз бар беле жана Кошмо Штаттардын расмий органдары менен бул боюнча сүйлөшүү жүрдүбү?

Салянова: Сапар учурунда АКШнын Юстиция департаменти менен абдан тыгыз иштедик жана алардын бир нече кызматкери менен узакка созулган кеңешмелер болуп жатты. Биз тараптан беш-алты адам, алар жактан да тиешелүү кызматкерлер бир нече саат бою маселени талкууладык. Негизи Гуревичтин АКШда камакта экени белгилүү болчу. Алабамадабы же кайсы жакта болгону эсимде жок. Ал киши менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн издеген эмесмин. Ал эми Гуревич айтып жаткан эки прокурордун кайсы убакытта учуп барганы тууралуу кабарым жок. Мен Алабамага барган эмесмин.

Аида Салянова Башкы Прокуратураны 2011-жылдын апрель айынан тарта, 2015-жылдын январь айына чейин башкарган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости