www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхон Пуревдорж жана Айсулуу Тыныбекованын алтын үчүн күрөшү. 20-август, 2018-жыл. Индонезия.

Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалдан ажыратылды.

Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде "станозолол" препараты табылганын кабарлады.

Эрежеге ылайык, эми алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. 20-августта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган. Натыйжада ал күмүш медаль алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости