www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы юстиция министри жана Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянова Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун мыйзамдуу жолдору тууралуу пикирин билдирди.

Салянова 28-октябрда парламенттин алтынчы чакырылышынын, аны менен кошо президенттин милдетин аткара турган спикердин да мөөнөтү бүтө турганын эске салды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Мурдагы башкы прокурордун айтымында, эгерде 28-октябрга чейин премьер-министр мыйзамдуу тартипте шайланып, спикерден президенттин милдетин аткаруучулук статусун өткөрүп албаса, мамлекет президент тургай, президенттин милдетин аткаруучусу жок калат. Азыр Жээнбековдун арызы же импичмент аркылуу гана укуктук талаага түшүүгө болот.

Салянова ошол эле учурда азыркы парламенттин мөөнөтүнүн бүтөрүнө 19 эле күн калгандыктан, импичмент жолу өтө күмөндүү деген ойдо.

"Шаша-буша кабыл алынган чечим ынанымдуу болбойт. Импичмент көп баскычтуу процедура. Жаңы премьер-министрди бекитүүдөн мурун мурдагы өкмөттү кетириш керек. Конституция боюнча өкмөттү милдетин аткаруучу эмес, толук кандуу президент гана отставкага кетире алат. Демек, импичментпи же арыз аркылуубу кете турган президент өкмөттү отставкага кетириши абзел. Муну бийликке келем дегендер эстен чыгарбашы керек. Жээнбеков арыз жазбай турган болсо, импичмент дагы жарыяланбаса, иштеп жаткан укуктук жагдайлар түгөнөт. Анда жалпы коом тааный турган жаңы эрежелер кабыл алынмайынча өлкө туңгуюкка кептелет".

Аида Салянованын билдирүүсүндө, негизи эле азыр иштеп жаткан мыйзамдар менен абалды турукташтыруу кыйын. Анткени, мыйзамдар төңкөрүш же революция болуп кетсе деп жазылбайт. Тескерисинче, мыйзамдар мындай кырдаалды болтурбоого багытталат, стабилдүүлүк, туруктуулукка негизделет.

Ал бүгүн эң биринчи маселе кызмат орундары эмес, укуктук талаа экенин, болбосо кызмат орундарынын баары легитимсиз болуп кала турганын кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости