www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Садыр Жапаров жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчүн карады.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 9-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү да Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. Буга чейин бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен.

Бирок Садыр Жапаров Матраимовдордун эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн айткан, өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирип жатат. Юристтер Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө Конституциянын бир нече беренеси бузулганын айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

2018-жылы июнь айында ал 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости