www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укуктук талаадан чыгып калганыбызга үч күн болду. Мындай абал узара берсе эл аралык мамилелерде биздин Өлкөбүзгө аброй алып келбейт. 

Депутаттардын өз конституциялык укугунан пайдалана албай, өз милдеттеринен баш тартып, тайсалдап турганы алардын чимириктерден куралган топ экендигин далилдеп тургансыйт. 

Учурда Парламент  жападан-жалгыз легитимдүү орган. Эч кандай координациялык кеңештер буга тоскоол боло албайт.  Конституция боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

Демек, азыр КРнын Жогорку Кенешинин төрагасына Президенттин ыйгарым укуктары өтүшү керектиги жөнүндө так жазылып турат. Президент да укуктук талаага келүүгө аянтча сурап жатат. Андыктан кырдаалды татаалдаштырбай ушул жол мыйзам талаасына өтүшүбүз керек. 

Сайпидин Султаналиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости