www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев менен парламенттин депутаты Айнура Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго каршы импичмент жарыялоо боюнча документке кол коюудан баш тартышкан.

Тилекке каршы, социалдык тармактагы тасмадан Эльвира Сурабалдиева саясатта гана эмес коомчулукта орду бар, чачын ак аралап калган атасынан дагы улуу киши Мыктыбек Абдылдаевге ажылдап, "көзүн акшыңдатып" алдын тосуп, кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Мына сага тарбиясы талаада калган эл өкүлү болгусу келген Сурабалдиева. Кыргызда “алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык”, “эркектин алдын кыя өтпө”, “эркектин баш кийимин жерге койбо” деген сөздөр бар эмеспи. Чек чогултуп жүрүп, улууну сыйлаганды унуткан сыягы. Башкасы башка, мыйзамдарды семичкедей чаккан, 60 жаштан ашып, 70 жашка таяп бара жаткан Мыктыбек Абдылдаевдин улам алдын тоскону туура эмес көрүнүш. Элвира Сурабалдиеванын деңгээли базардан чыкпай калганы өкүнүчтүү!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости